Жалал-Абадда эс алуучу жайлардын биринде ок атылды. Ок чыгарган адам Жалал-Абад облусунан чыккан белгилүү саясатчынын уулу деген сөздөр айтылууда.
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 7-апрелге караган түнү "Тянь-Шань" эс алуу борборунун алдында катталган.
"Аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун 24 жаштагы Т.Т. аттуу тургуну суракка алынды. Ал сурак учурунда "спирт ичимдиктерин ичкен эмес болчумун. Өзүмдү коргоо максатында ок чыгардым" деп айткан.
Ал ок аткан травматикалык тапанча боюнча толук маалыматты тактадык. Тапанчаны колдонууга уруксаты жана ага тиешелүү документтери бар экени аныкталды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Андан сырткары, жабырлануучу катары эс алуучу жайдын администратору арыз менен кайрылганын, бирок 2 күндөн кийин алар тосмо арыз жазып беришкенин да кошумчалашты.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Т.Т. аттуу жарандын 2 таанышын эс алуучу жайдын күзөтчүсү кийген кийими талапка жооп бербегендигин айтып киргизбей койгон. Ортодо пикир келишпестик орун алып, шектүү травматикалык тапанчадан асманга ок чыгарган.