Сауд Арабия алгачкы ирет Канн кинофестивалына катышат

Сауд Арабия алгачкы ирет Канн кинофестивалына катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, фестиваль 8-19-майда өтөт. Анда Сауд Арабия алгачкы ирет бир катар кыска метраждуу тасмаларын калыстардын сынына коёт. Мындай чечим аталган өлкөнүн ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын Францияга болгон сапарынан кийин чыккан. Анда эки өлкөнүн маданият министрлери жолугуп, бир катар маселелердин үстүнөн сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Ошондой эле Франция аталган өлкөгө бир гана фестивалга катышууга уруксат бербестен, Сауд Арабиянын батыш тарабында жайгашкан Жидда шаарына опера театрын курууга жардам көрсөтө тургандыгын билдирген.

Эл аралык Канн фестивалы - дүйнөлүк мыкты тасмаларды аныктоочу фестиваль. Ал алгачкы ирет 1946-жылы 20-сентябрда Франциянын Канн шаарында башталып, ошондон тарта жыл сайын өткөрүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2018-04-12 18:59:23
Арабтар жаны доорду башташыптыр эми. Кочосуно чыксан капкара. Аялдарынага да адамча мамиле кылып койгула, ороп сороп катып, омуру откучо жапай кылып журо бербей.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан