Сузакта өзүн асып алган өспүрүмдүн өлүмүнө шектелген 3 милициянын бирин райондук сот актады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзүн асып алган өспүрүмдүн өлүмүнө шектелген 3 милициянын бирин райондук сот актады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу айыпталып жаткан 3 милиция кызматкеринин кылмыш иштери облустук сотко өткөрүлүп берилген.

"Сузак райондук соту тарабынан Ж.А. аттуу милиция кызматкеринин кылмыш иши далилденбегендиктен акталды. Ал эми С.М. жана Н.Б. 205-берененин 1-бөлүмү менен 200 миң сомдон айыпка тартылган. Бирок прокуратуранын сунушу жана баланын атасынын апелляциясы менен кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун кароосуна жөнөтүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 23-октябрында Сузак районунун Сымкат айылында 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков асынып алган. Окуучу өлөр алдында кат жазып калтырып кеткен. Катта эч кандай уурулук кылбаганын, акчасын жоготкон адам түнкү саат 2де ээн жерде катуу сабагандыктан, кылмышты моюнуна алууга аргасыз болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Lilireinhart18
2018-04-12 20:33:18
Ушул бут жалган ,кудай коруп турат баласынын ошентип асынып алганга атасы менен энеси куноолу милициянын да тиги олтургонго жеткирди деген баланын да куноосу жок, кудайдан коркпогон адамдар экен,
-10
aksy94
2018-04-12 23:49:32
Lilireinhart18,ата энеси эмне кор тириликтин айынан Россияда иштер жургону учун куноолуубу кудайдан сурасан андан коро мындай иш башыма тушпосун деп
0
Chagylgan1
2018-04-12 21:37:32
Ошолорду актаган соттордун озун камаш керек... Сотторго болгон талап кучотулуп, туура эмес окум чыгарган сотторго катуу жаза каралышы керек.....
+3
admin_portal
2018-04-13 08:06:17
Chagylgan1, tynara81, Lilireinhart18,
Жеке айтышуулар үчүн купуя бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан