Топ-Лига-2018: Бишкектик "Алга" ири эсепте "Кара-Балтаны" жеңип алды

Бүгүн, 12-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 2-турунун алкагында бишкектик "Алга" "Кара-Балта" командасын ири эсепте жеңип алды.

Кант шаарында орун алган беттеште Руслан Сыдыковдун шакирттери 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Беттештин жүрүшүндө "Алга" командасынан Сердарали Атаев 2 гол, Иван Филатов 2 гол жана Санжар Турдукулов 1 гол менен айырмаланса, "Кара-Бала" командасынан Кубанычбек Куреңкеев 1 гол киргизди.

Муну менен "Алга" командасы турнирдик жадыбалда 4 упай менен 2-орунду ээлесе, "Кара-Балта" экинчи ирет жеңилүү ызасын тартып, тизменин аягында жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан