"Ош базарынын" "Берекет" соода түйүнүнөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 07:40да чектөөгө алынган.
"Бүгүн "Ош базарында" 3-ирет тилсиз жоо орун алды. Өрт таңкы саат 3:00дөр чамасында чыгып, базардын жалпы 2 миң чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрттү өчүрүү үчүн 14 машина жана 90го жакын өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Учурда соода борборунун ар кайсы бөлүктөрүнөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бирок базардын жер төлөсү дагы деле күйүп жатат. Базардын үстү темир менен жабылгандыктан өрттү толугу менен өчүрүү кыйынчылык жаратууда", - дейт ал.
Ошондой эле министрдин орун басары Калыс Ахматов өрттөн жабыркагандар жок экенин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин 30-январда "Сейтек" жана "Берекет плюс" кичи базарында өрт чыгып, 118 соодагер зыянга учураган. Ал эми экинчи ирет катталган өрт мурда өрттөнгөн "Сейтек" базарынан чыккан.