Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-апрелге караган түнү саат 03:20лар чамасында катталган. Анда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа катуу бара жатып, жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган. Жол кырсыгынан 27 жаштагы И.К аттуу унаанын айдоочусу жана 22 жаштагы Д.Б. аттуу жүргүнчүсү жаракат алган. Унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчүсү (азырынча аты-жөнү тактала элек) каза болгон. Ал жерге куткаруучулар барып, жансыз денени алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.