Бүгүн, 13-апрелде өрт катталган "Ош базардын" аймагындагы "Берекет" базарынын сатуучулары өз ара чырдаша кетишти.
Сатуучулардын айрымдары базар жетекчилиги күйүп кеткен товарларынын акчасын төлөп берсин десе, кээ бирлери аз убакыттын ичинде алардын соода кылган орундарын калыбына келтирип бериши керек экендигин билдиришти.
Азыркы тапта сатуучулар биригип Ак Үйдүн алдына барууну көздөп жатышат.
Жабыркаган сатуучулардын көпчүлүгү коопсуздук кызматынын өкүлдөрү өрттү кеч байкап, күчөп кеткенде гана өрт өчүрүү кызматына чалгандыгын билдиришти.