ӨКМ: "Ош базарында" чыккан өрт боюнча чакыруу өтө эле кеч келген"

"Ош базардагы" өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө өтө кеч келген. Бул тууралуу ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Азимбек Чаргынов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи тобу түнкү саат 03:55тер чамасында базарга келген.
"Өрт өчүрүүчү кызматкерлер келгенде базар күйүп жаткан. Өрттү тез аранын ичинде өчүрүүгө бардык түзүм тезинен чакыртылып, ишке киришкен. Тилсиз жоо эртең мененки саат 07:40тар чамасында чектөөгө алынды. Айрым жабырлануучулар өз алдынча товарларын алып чыгып кетүүгө аракеттенишкен. Бирок эл өрт учурундагы коопсуздукту аныктай алышпайт. Мисалы, шамалдын багытын билишпейт. Ал да болсо убакытты талап кылат. Жабырлануучулар өрттү өчүрүүдө алсыз экенин түшүнгөндө гана өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышкан", - дейт адис.
Ошондой эле жетекчи өрттүн келип чыгуу себеби учурда тиешелүү лабораторияда аныкталып жатканын кошумчалады. Ал "болжолдоп айтканда өрт кырсыгы жогоруда аталган базардын үч жеринде башталганы айтылууда" дейт.
“Ош базарында” үчүнчү жолу өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ermekbai
2018-04-13 10:53:58
Айтайлап эле болуп жатат бул. Элге эле кыйын болуп жатат. УКМК. МВД. Булар каякты карап отурушат.
+5
Chagylgan1
2018-04-13 11:46:34
Орт бир убакта эле базардын 3 жеринде башталышы мумкун эмес... Эгер орттун базардын 3 жеринде башталганы ырас болсо, демек бул атайын эле поджог....

Анан калса Жалал-Абадда орттун орун алуусу да кокустук же жон эле дал келуучулук эмес...

УКМК менен ИИМ бул кырсыктардын чыныгы себебин же чыныгы куноолуулорун аныкташы керек... Элдин баары Бишкек менен Жалал-Абаддагы базарларды кимдир бироолор атайын орттогон деген ойдо... Мен да бул божомолго кошуламын...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан