Бүгүн, 13-апрелде "Ош базарында" чыккан өрт кырсыгынан 8 адам жабыркап, медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык "Тез жардам" станциясынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, медициналык жардам сурап кайрылгандардын көбү өрттөн чыккан түтүндүн исине уулангандар болгон.
"Азыркы тапта "Ош базарындагы" өрттөн 8 адам жабыркап, медициналык жардам сурап кайрылды. Алардын жетөө өрт өчүрүүчү кызматкерлер болсо, бир жаран сатуучу болгон. Жабыркагандардын абалы жеңил болгондуктан, аларга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - дейт ал.
Айта кетсек, буга чейин "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыкканы кабарланган.