Чүй облусунун Беловодск айылында 3 жеткинчекти сүзүп, качып кеткен деп шектелип 64 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-апрелде саат 16:50 чамасында Беловодск айылынын Комсомол жана Кыргызстанга 50 жыл көчөлөрүнүн кесилишинен 3 секелек кызды унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада 7 жаштагы Д.А., 5 жаштагы Г.Ш. жана 6 жаштагы Б.А. алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилишкен.
"Жол кырсыгы боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жакын жайгашкан видеокөзөмөл камераларын карап чыгып, болжол менен ошол маалда өткөн унааларды иликтөө менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны аныкташкан. Унааларды текшерүү менен күбөлөрдү сурамжылоонун натыйжасында, Чүй облусунун 64 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалып, суракка алган учурда, ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган", - дейт басма сөз кызматынан.
Унаа айып аянтчасына киргизилип, 28-берене менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.