Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Кара-Балта шаарында адам өлтүргөнгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында Кара-Балта шаарында 25-30 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда баш сөөгүнөн жаракаттар байкалып, денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Кийин каза болгон адам 30 жаштагы К.А. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну экени аныкталган. Экспертизанын жыйынтыгында жогорудагы жарандын баш сөөгүнө сокку болуп, жаракатынан улам каза болгону белгилүү болгон. Буга байланыштуу 104-берене (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш-чараларынын натыйжасында, бул оор кылмышка шектүү делип, 30 жаштагы К.Ф. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан