Тоңдо жеңил унаа оодарылып кетип, 22 жаштагы айдоочу каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жеңил унаа оодарылып кетип, 22 жаштагы айдоочу каза болду. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинен тастыктады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-апрелде саат 04:00дөр чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун15-чакырымында катталган. Анда 22 жаштагы айдоочу Audi A6 үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып, рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, бүгүн, 13-апрелге караган түндө Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында да жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан