"Ош базарындагы" 3-жолу чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты. Шаардык милициянын маалыматына караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат “102” кызматына түнкү саат 3:55 чамасында келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин жетекчилиги барган жана ошол жерде тергөө тобу иштеп жатат. Материалдар Ленин РИИБинен каттоого алынды. Бул өрт фактысы боюнча Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 238-беренеси (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө тобу өрт-техникалык экспертизасынын адистери менен биргеликте өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатышат. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа беришет", - деп билдиришти ШИИББден.
"Ош базарындагы" өрт "Берекет" соода борборунда катталган. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 2 миң 500 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган. Товарлардын арасында кийим-кече менен желим буюмдар толук өрттөнүп, жалындын күч алышына себеп болгон.