ЖЫЛНААМА, 13-АПРЕЛЬ: "Аси" сериалы аркылуу атак-даңкка ээ болгон түркиялык актёр Мурат Йылдырым 39 жашка чыкты

Түрк сериалдарынын мегажылдызы Мурат Йылдырым 1979-жылы 13-апрелде Түркиянын Конья шаарында туулган. Апасы араб тили боюнча котормочу болсо, атасы театрда иштеген. Мураттын актёрлук кесипке болгон шыгынын эрте ойгонушуна атасынын кошкон салымы зор болгон. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен эле окуусунан сырткары театрдагы ийримдерге катышчу. Мындан улам анын актёрлук билим-тажрыйбасы эрте башталган.

Мектепти аяктаган соң болочок актёр Стамбулдагы “Йылдыз” техникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырат. Инженер-механик адистиги боюнча дипломдуу болгон ал университетте окуп жүргөндө да актёрлук чеберчилик боюнча кошумча сабакка барып жүргөн. Студенттик театрда ойноп жүрүп, 1999-жылы "Айрылсак да бирге болушубуз керек" деген сериалда роль аткарып, актёрлук тушоосун кескен.
Актёрлук карьерасынын башталышы ийгиликтүү болгон эмес. Ал 2003-жылы "Түбөлүк сүйүү" сериалында роль жаратып, бирок сериалдын рейтингинин төмөндүгүнөн улам анын 11 гана сериясы көрсөтүлүп, калганы көрсөтүлбөй калган. Андан соң 2004-жылы "Баары менин балдарым" жана "Чоң калп" деген сериалдарга тартылып, аз да болсо эл эсинде калганга жетишет. Эми гана киноиндустрияга аралашып келаткан таланттуу актёрго Түркиянын мыкты сериалдарын жараткан режиссёрлор көз сала башташкан.
Бурчин Терзиоглы менен
Йылдырымга популярдуулук алып келген тасма – 2006-жылы тартылган "Бороон" сериалы болгон. Ушул сериалдагы ролу үчүн ал Түркиянын "Оскары" катары эсептелген "Алтын апельсин" сыйлыгын алган. Атак алып гана тим болбостон, сериалдагы өнөктөшү актриса Бурчин Терзиоглы экөөнүн ортосунда махабат оту жанып, 2008-жылы түгөйлөр баш кошкон.
2007-жылы чыккан "Аси" сериалындагы Демирдин ролунан кийин актёр Түркияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку суроо-талапка ээ актёрлордун тизмесине кирген. Мындай бийик абройдон улам актёр роль сунуштаган режиссёрлордун келишимдеги пункттарына өз талаптарын киргизип калган. Аны чет өлкөлүк тааныштары жана күйөрмандары "Демир" деп чакырышарын айтып, муну актёр сериалдын популярдуулугу менен байланыштырган.
Мураттын катышуусундагы 2009-жылы тартылган "Сүйүү жана жаза" сериалы да эң ийгиликтүүлөрдүн бири болгон.
Учурдагы жубайы менен
2014-жылы биринчи жубайы менен ажырашып, 2016-жылы марокколук модель жана актриса Имане Эльбани менен баш кошкон.
13-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Colella
2018-04-13 16:03:44
Красавчик туулган кун кут болсун!
0
vikidiki
2018-04-13 16:33:17
"Суйуу жана жазада/" Саваш Балдар болуп эсимде калды го.
+3
Nevestkaa
2018-04-13 18:07:23
Бурчин Аяна Касымовага окшош экен.Саваш Балдар чыныгы эркектин ролун ойногон.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан