Белгилүү орусиялык муз үстүндөгү бийчи Татьяна Навка 1975-жылы 13-апрелде Украинанын Днепропетровск шаарында туулган. 5 жашынан бери муз үстүндө бийлеп, анын ийгилигине машыктыруучу Наталья Дубованын салымы чоң болгон. Татьяна Навканын муз тебүүдөгү түгөйлөрү 1993-1998-жылдары Николай Морозов жана Самвел Гезалян болсо, 1998-жылдан баштап Роман Костомаров менен муз үстүндө бийлеп келген.
Ал Роман Костомаров менен бирге үч жолу Орусиянын чемпиону (2003, 2004, 2006), Европанын 3 жолку (2004, 2005, 2006), Дүйнөнүн эки жолку (2004, 2005) чемпиону, 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын алтын медалынын ээси болууга жетишкен.
Туриндеги Олимпиададан кийин өнөктөштөр спорттук карьерасын жыйынтыктоону чечкен. Бирок түгөйлөр андан кийин профессионалдык шоулордо өнөрлөрүн көрсөтүп келишкен. Мындан сырткары, Навка орустардын белгилүү "Жылдыздар муз үстүндө" ("Звёзды на льду"), "Муз доору" ("Ледниковый период"), "Муз жана жалын" ("Лёд и пламень"), "Кош жылдыз" ("Две звезды") телешоулорунда ырчы, бийчилер менен бийлеп-ырдап, алдыңкы орундарга ээ болгон.
2000-жылы өзүнүн машыктыруучусу, муз үстүндөгү бий боюнча дүйнөнүн чемпиону Александр Жулинге турмушка чыккан. Экөөнүн ортосундагы сүйүү мамилеси 1994-жылы башталганын түгөйлөр өздөрү орус басылмаларына билдиришкен. 2000-жылдын май айында кыздуу болушуп, ага Александра деген ысымды ыйгарышкан. Кызы ырчылык кесипти тандап, сахнага Алексия деген ат менен чыккан. 2008-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен.
Навканы бийдеги өнөктөштөрү - актёр Марат Башаров, музыкант, ырчы Алексей Воробьев менен сүйүү мамилесинде болгон деген кептер айтылып келет.
2010-жылы бийчи Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков менен таанышып калат. Ошол мезгилден тартып экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, 2014-жылы августта Надежда аттуу кыздуу болушкан. 2015-жылы август айында түгөйлөрдүн үлпөт тою өткөн.
13-апрелдин жылнаамасы.