Бишкекте кылмышка шектүү катары кармалган адам Орусияда издөөдө жүргөн

Бишкек шаарында кылмышка шектүү катары кармалган адам Орусияда издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-март күнү болжол менен саат 23:00дө үч адам жолдо бара жаткан жубайларга күч колдонуп, 35 миң сомун, алтын буюмдары бар сумканы, ошондой эле NOKIA-E72 жана Redmi-4Х үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун тартып алышкан.

"Бул факты боюнча 168-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишине шектелип Жалал-Абад облусунун 3 тургуну кармалды. Алар 27 жаштагы В.И., 21 жаштагы М.Ф. жана 24 жаштагы А.А. аттуу адамдар. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири М.Ф. Орусия Федерациясында "адам өлтүрүү" жана "каракчылык" беренелери менен издөөдө жүргөндүгү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар №1-тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-04-13 20:22:17
2-3-суроттогу жигиттер туугандардан окшойт.
+2
mirlanpiter
2018-04-16 11:49:45
Узбекхн деп айтыш керек куудулдардай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан