Чүй облусунун Кемин районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген дарыгерге 500 миң сом айып салынып, 21 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Адвокаттарды окутуу борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрелде дарыгерге карата тагылган 133-берене (ыплас аракеттер) жана 246-берене (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча тагылган айыптар сотто далилденген. Анын жыйынтыгында А.О. аттуу дарыгерди Кемин райондук соту 21 жылга эркинен ажыратты. Буга чейин жабырлануучу тарапка 1 миллион 500 миң сом компенсация төлөп берүү каралган, бирок сот 500 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарды.
Эске салсак, окуя 6-сентябрь күнү саат 04:00 чамасында болгон. Анда 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы кызга эч себепсиз шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган. Кыздын жакындары тарабынан дарыгердин үстүнөн жазылган арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.