Сузакта унаа Кара-Дарыя суусуна түшүп кетип, 3 адам каза болду. Анын бири 1 жаштагы наристе болгон

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында Кара-Дарыя суусуна жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам жабыркап, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрелде саат 14:30 чамасында Фольксваген-Гольф 3 үлгүсүндөгү унаа Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткен. Кырсык айдоочу рулду башкара албай калганынан улам болгон.

"Жол кырсыктын кесепетинен 71 жаштагы Н.А. аттуу эркек киши жана 23 жаштагы А.А. аттуу кыз окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 1 жаштагы наристе ооруканада чарчап калды. Ошондой эле 29 жаштагы Н.К. менен 26 жаштагы Т.Н. райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп маалыматта айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
SeN_Sulusun
2018-04-13 18:09:11
жаткан жери жайлуу болсун жантан орун берсин Аллах

+3
Zainidin96
2018-04-13 23:18:52
Жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун билип билбей жасаган куноолорун Алла Таалам кечирсин ИншАллах
+2
naku5555
2018-04-13 23:20:25
Жаткан жери жайлуу болсун,аман калгандарга аллахым шыпаа берсин жаман болуптур
0
s81
2018-04-14 08:01:47
Кичине акырын айдаса болбойбу
+1
tttalant
2018-04-14 09:46:48
Жанатан орун берсин оомин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан