Шавкат Мирзийоев Бишкекке келген учурда жардыруу уюштурууну пландаган жаранды Ош шаардык соту 15 жылга эркинен ажыратты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Бишкекке келген учурда жардыруу уюштурууну пландаган деп айыпталып кармалган жаранды Ош шаардык соту күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Ош шаардык сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов SUPER.KG порталына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Гайрат айылынын 30 жаштагы тургунуна карата чечимди сот өткөн жылдын 30-декабрында чыгарган.

Ал Кыргыз Республикасанын Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси (терроризм), 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 299-беренеси (улуттук, расалык, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу иштерин уюштуруу) менен күнөөлүү деп табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө анын "Жамаат-Таухид ва жихад" эл аралык террористтик уюму менен тыгыз иштешкени белгилүү болгон. Ал 2013-жылы Кашкар-Кыштак айылындагы мечитке келип, имам жана анын тарапташтары менен таанышкан. Алар шектүүгө Сириядагы согушка барууну бир нече жолу айтышкан, бирок ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу бара албастыгын айтып, Кыргыз жеринде аларды колдоп турарын айткан. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө ал таанышкан адамдар Сирияга чыгып кеткени айтылган.

Ал 2017-жылдын сентябрь айында террористтер менен байланышта болуп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз жерине болгон сапарында жардыруу уюштурууну пландаштырган. 2017-жылдын 3-сентябрында шектүү кармалып, үйүн тинтүү учурунда жардыруучу зат табылган. Бирок шектүү өз көрсөтмөсүндө террористтик уюмдардын мүчөсү эместигин жана Өзбекстандын президенти келген убакта жардыруу пландаштырбагандыгын билдирген.

Анын жактоочусу Ош шаардык сотунун чечимине макул болбой, Ош облустук сотуна арыз менен кайрылган. Учурда иш облустук сотто каралууда.

Эске салсак, Өзбек президенти Бишкекке 2017-жылдын 5-сентябрында келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Derzki_kyrgyz
2018-04-13 20:48:10
Дагы бир маңдайы шордуу түрмөгө кетти
+3
Mydearzh
2018-04-13 21:55:38
Че то мыйзам иштеп баштагандай)
0
Akniet_kg96
2018-04-13 22:20:23
уюштурган деп эле 15 жыл а тиги военныйы атып салса да эч нерсе болгон жок
+13
muni.98-98
2018-04-13 22:42:41
Akniet_kg96, ошого ичим ачышат да. Бул пландап койгонуна 15 жыл берди. Оно ХХХХ кууп келип биздин жаранды атып салды эч кандай чара коро албады -:(
+9
aslan_akjol89
2018-04-14 21:19:10
muni.98-98,Ал атылган жаран деле "туугандардан" болгон.Озунун косягы бар экен,жердештеринен уктум.
0
Mr.Jack
2018-04-14 04:18:38
Чек арада атылган адам менен террор уюштурган адамды эс акылы оордунда адам салыштырабы? Ушул сайттагылардын кобуно тан калам. Бир нерсе жазарда акыл калчап ойлонуп жазса, эч нерседен ырыстуу тушунугу жок кобунчосу. Анан кайсы тема болсо аралашып кергиштеп тескери жагын жазышат да отурушат.
+1
Zaina
2018-04-14 04:38:16
Mr.Jack, туура айтасын:-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан