Казак жараны Ош-Бишкек унаа жолунда 10 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

Казак жараны Ош-Бишкек унаа жолунда 10 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Ош-Бишкек унаа жолунда Талас облусунун 47 жаштагы жашоочусу башкарган Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичин текшерүү учурунда жүргүнчү катары келе жаткан Казакстандын 40 жаштагы Б.Т. аттуу жаранына таандык баштыктын ичинен жалпы салмагы 10 килограмм 550 граммды түзгөн зат табылган. Химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча табылган зат марихуана баңгизаты болуп чыккан.

Аталган окуя боюнча 247-берене (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан