Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 32 жаштагы К.Г. аттуу шаар тургунун унаага алып кирип, күчкө салып зордуктаган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 12-июнда түнкү саат 22:00 чамасында болгон. Айымды зордуктаган соң анын жанындагы 5700 долларын жана 5700 сомун алып кеткен. "Бул кылмыш ишине шектүү" деп милиция кызматкерлери 23 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургунун кармашты. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.