Мындан 566 жыл мурун, 1452-жылы 15-апрелде италиялык атактуу сүрөтчү, скульптор, архитектор, анатом, математик, физик Леонардо ди сер Пьеро да Винчи Анкиано кыштагында туулган. Аны көптөр ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу илимпозу, италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ошол кезде аны Чародей же болбосо шайтанга кызмат кылуучу, Кудай тарабынан улуу күчкө ээ Фауст деп да таанып жүрүшкөн.
Италиянын интеллектуалдар борбору болгон Флоренция шаарында жайгашкан Верроккьо кесипканасында Леонардо да Винчи алгачкы эмгектерин жараткан. Ошондой эле ал техникалык жааттан дагы сабак алганга жетишкен. Чийүү, химия, темир ширетүүчү, гипс жана булгаары менен иштөө илимине сүңгүп кирген. Жаш чебер ошол эле мезгилде сүрөтчүлүгүн жерге таштаган эмес. Сүрөт тартуу, айкел чегүү жаатында дагы эмгектенип, окуп үйрөнүүгө далалат жасаган.
24 жашында Леонардо да Винчи жана анын үч жолдошу садомиялык (сексуалдык жоруктун бир түрү) сүрөттөрү үчүн сот жообуна тартылышат. Бирок ал жагдайды кеч болсо да жеңип чыгууга аракеттери зор болот. Мына ошондон кийин сүрөткердин өмүр таржымалы өтө аз баяндала баштайт. Бирок анын Флоренцияда белгилүү кесипканасы бар экени жашыруун эмес. Ошол жерде күн өткөрүп, ошол жерден улуу чыгармаларын жарыкка алып келе баштаган.
1482-жылы жазылган Вазаринин эмгегинде (Леонардо да Винчинин өмүр таржымалын өтө жакшы билген жазуучу) сүрөтчүнүн элге билинбеген ырчылык таланты жазылган.
Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Леонардо да Винчини жалаң ак сөөктөр чакыртып, сарайында иштетип калышкан. 1516-жылы Франциянын падышасынын чакырыгы менен Кло-Люсе имаратына барып өмүрүнүн акыркы 3 жылын окуучусу Франческо Мельци менен өткөргөн. 1519-жылы 2-майда курман болгон. Вазаринин айтымына караганда, улуу сүрөтчүнү өзүнүн жакын досу, падыша Франциска I өлтүрткөн. Леонардо да Винчинин сөөгү Амбауз имаратына коюлган.