ЖЫЛНААМА, 15-АПРЕЛЬ: Орусия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёва 69 жашка толду

Алла Пугачёва - Советтер Союзунун жана орусиялык эстрадасынын белгилүү ырчы айымы, ыр жыйнактарынын композитору, эстрадалык режиссёр, продюсер, киноактриса. Ал 1949-жылдын 15-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Легендарлуу ырчы Алла Пугачёва Москва шаарында төрөлгөн. Бала кезинен эле музыкага шыктуу болуп өзгөчө ырга жакын болгон. Мектепте окуп жүргөндө бир топ кечелерде ырдаган, бүтүрүүчү катары 1965-жылы бүткүл союздук радионун "Кутман таң" берүүсүнөн "Робот" деген ырды ырдап чыккан. Бул Алланын музыка дүйнөсүнө чындап кирип, эл арасына жаңырган биринчи чыгуусу болгон.
Мындан соң анын музыкага болгон сезими ойгонуп, Ипполитова-Иванова атындагы Москва мамлекеттик окуу жайын дирижёр-хордук факультетинен билим алган. Көптөгөн майда концерттерде ырдап жүргөн. 1980-жылдары "Рецител" группасы түзүлүп, анын солисти катары бир кыйла ырлары менен эл арасында Алланын карааны алыстан көрүнө баштаган. Бул топ түзүлгөнгө чейин эле анын "Москвичи", "Новый электрон" деген ырлары калың катмарга сиңип, бул ырсыз кечелердин көркү болбой калган.
Ал эми алгачкы ийгиликтери жөнүндө айта турган болсок, 1975-жылы өткөн "Золотой Орфей" фестивалына Алла Пугачёва "Все могут короли" ыры менен катышып, гран-прини жеңип алат. Буга катар 1978-жылы "Сопот-78" деген аталыштагы сынак өткөрүлүп, мында да Гран-принин ээси болгон.
Ошондон улам Алла Пугачёва хит ырларды жаратып, атагы алыска тарап, ар кандай сынак, фестивалдарды жеңип, көптөгөн сыйлык, наамдарды багындырып, 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамына арзыган. Аны менен катар 1995-жылы Орусиянын Мамлекеттик премиясынын лауреаты деген наамга татыса. "Ата Мекен алдында кызмат үчүн" сыйлыгынын Кавалер орденинин II, III жана IV даражаларына ээ болгон.

Алла Пугачёванын ата-энеси Зинаида Одегова жанан Борис Пугачёв 1946-жылы таанышат. Экөө тең фронтчу болушат. Ошол эле жылы баш кошуп, 1947-жылы алардын алгачкы баласы жарык дүйнөгө келет. Бирок баланын ден соолугу начар болгондуктан бир нече айдан кийин бала чарчап калат. Ал эми 1949-жылыл ата-эненин 2-наристеси, тактап айтканда, кызы Алла Пугачёва төрөлөт. Кызынын атын актриса Алла Тарасованын урматына ата-энеси коёт.

Ал эми Алла Пугачёваны жеке жашоосу жөнүндө баяндасак, ал 5 жолу турмуш курган. Миколас Орбакас (1969-1973), Александр Стефанович (1977-1980), Евгений Болдин (1985-1993), Филипп Киркоров (1994-2005), Максим Галкин (2011-жылдан бери). Биринчи никесинен белгилүү ырчы Кристина Орбакайте төрөлгөн. Максим Галкин жана Алла Пугачёва карын эненин жардамы менен Гарри жана Елизавета аттуу уул, кыздуу болушкан. Ошондой эле тун кызы Кристинадан 5 неберелүү болгон.
15-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kojo1995
2018-04-16 08:42:33
Муну 80ге барып калды деп атса 69га эми араң чыккан тура. Качанкы пугачева. Максим качан өлөт деп күтүп жүрөт окшойт, чыда эми максим урдум деп кетип калбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан