“EXO” корей тобунун ырчысы Сехун 24 жашка толуп, анын күйөрмандары ага күтүүсүз белек тартуулашты. Сехундун сүрөтү “Нью-Йорк таймс” гезитинин түстүү беттеринин бирине жарыяланган. Ырчынын туулган күнүнүн урматына күйөрмандары аталган басылманын бир бетин сатып алууга акча топтошкон. Интернеттеги ачык булактарга караганда, “Нью-Йорк таймс” гезитинин түстүү толук бети 214 миң доллардын тегерегинде бааланат.
Күйөрмандар ушуну менен эле токтолуп калышкан эмес. Алар Шанхай шаарындагы эгиз мунараларга, Сеул шаарындагы соода борборлорунун бирине жана башка көңүл ачуучу жайларга түрдүү көрнөк-жарнактарды илишкен.
Буга чейин аталган топтун ырчылары, анын ичинде Сехун да күйөрмандарына “мындан ары жөнөтүлгөн белектерден баш тартабыз” деп кайрылышкан эле. “Мага берген сүйүүнү мага караганда көбүрөөк ага муктаж болгон адамдарга тартууласак, баарыбыз бактылуу болмокпуз. Мындан ары мен туулган күндөрүмдө сиздерден жылуу пикир гана алууга даярмын” деп күйөрмандарына болгон кайрылуусунда Сехун жазган болчу.
Сехун 1994-жылдын 12-апрель күнү туулган. Корейлер көбүнесе бир жыл кошуп эсептешкени үчүн Сехун 25 жашка толгонун белгиледи. Аталган өлкөдө жаш курагы эненин курсагында жаткан убактысын кошуу жана Ай календары боюнча эсептелет.
Маалымат үчүн: 2011-жылы түзүлгөн “EXO” тобу 9 ырчыдан турат. Учурда Түштүк Кореяда эң популярдуу топтордун башында турат.