Бишкек шаарында 27-28-апрель күндөрү индия бийи, ыры жана музыкасынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.
Белгилүү болгондой, фестиваль Индиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин демилгеси менен өткөрүлөт. Ага индиялык ыр-бийлерди аткарган Бишкектин чыгармачыл топтору катышат.
Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө концерттик программа, андан кийин мехенди (хнанын жардамы менен денеге сүрөт тартуу) тартуу, сари (индиялык айымдардын улуттук кийими) кийүү боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, зер буюмдар жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү орун алат. Ошондой эле йога менен туура машыгууну үйрөтүү максатында көнүгүүлөр жасалат.