Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин Түз эфиринде "Чоро" тобу конокто болот

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - "Кантың бар", "Сүйүү балы", "Тоолук кыз" жана башка эл жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды аткарып жүргөн этно-эстрадалык "Чоро" тобу болмокчу.

Аталган топ "Супер-Инфо" гезитинин 2012-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер тобу" наамына татыктуу болгон.

"Чоро тобу" 2013-жылы Түркиянын Эскишехир шаарында өткөн "Түрквизион" эл аралык сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, 7-орунга ээ болгон. Анда ар кайсы мамлекеттен 24 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтүп, алардын 12си финалда жеӊиш үчүн ат салышкан.

Топтогу жигиттерге арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Жигиттер сиздин суроолорго бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

18-апрелде SUPER.KG'нин түз эфиринде "Чоро" тобу конокто
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arti
2018-04-16 15:42:38
УшУл топтун жандуу ун менен ырдаганы жагат. Дайыма шайыр журушот го. Тоолук кыз, суйуу балын эфирден ырдап бергиле кутом.
+1
gulzat91
2018-04-18 14:52:25
салам жигиттер!эмне жоголуп кеттинер жаны клип кана?илхом келбей атабы "жарк"деп чыгып бизди качан суйунтосунор?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан