ЖЫЛНААМА, 16-АПРЕЛЬ: 72 жаш курагында балалуу болгон Чарли Чаплин мындан 129 жыл мурун жарык дүйнөгө келген

Өзүнүн кайталангыс таланты менен дүйнө жүзүнө таанымал болуп, кино жаатында комедиялык жанрга жаңы агым алып келген америкалык киноактёр, режиссёр, сценарист Чарльз Спенсер Чаплин 1889-жылы 16-апрелде Лондондо артисттин үй-бүлөсүндө туулган. Турмуш жолун театрда актёр болуп иштөөдөн баштаган. Кийин режиссёрлукка өтүп, 1915-жылы "Эс-Сеней" бирикмеси тарткан 14 тасмада роль жараткан. Көп узабай "Жалгыз жылдыз" деген студияга өтүп, 12 фильмге тартылып, Американын комедия жанрына бир топ ийгиликтерди алып келген.

Атактуу актёр бала кезинен тартып көптөгөн кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. Атасынан айрылгандан кийин апасы психикалык жактан жабыркап ооруп калган. Мындан улам байкеси Сид экөө кароосуз калып, өздөрү нан таап жегенге аргасыз болушат. Кийин аларды балдар үйүнө алып кетишет.

Жаш кезинен тарта Чарльз кыл кыякта мыкты ойногон. Ал бир күндө 4-16 саат кыл кыякта ойноп машыккан. Мындан сырткары театралдык режиссёрлук боюнча сабактарды алган.

Америкадагы бай көпөстөрдү ар кандай жолдор менен тымызын сындап, буржуазиялык коом эзип жаткан карапайым жумушчу адамдарга болгон боорукерлигин көрсөткөн. Көбүнчө ал бай мырзалар кийүүчү кийим-кечектерди сындаган.

Режиссёр фильмдеринин көбүндө комедиялык жана лирикалык мүнөздү айкалыштырган "кичине адамдын" образын түзүп, ал аркылуу кедейлик турмушту трагедиялуу баяндаган. "Париждик кыз" (1923), "Алтын азгырыгы" (1925), "Цирк" (1928) фильмдери дүйнөлүк комедиянын үлгүсү болсо, "Чоң шаардын оттору" (1931), "Жаңы мезгил" (1935) фильмдеринде жумушсуздук, "Улуу диктатордо" (1941) фашизмди ашкерелеген. Ал эми "Месье Верду" (1947) фильми америкалык реакциячыл чөйрөлөргө жаккан эмес. Ошол эле мезгилде Чаплин бир куудулдун муңдуу тагдырын баяндаган "Цирктеги оттор" деген фильмин тарткан. Мында фильмдин башкы каарманы менен Чаплиндин жеке турмушу окшошуп турган. 1952-жылы автобиографиялык мүнөздөгү "Рампа оттору" фильмин коюп, акырында куугунтукталган Чаплин Голливудду таштап, Швейцариянын Веве деген шаарына барып жашаган. 1957-жылы "Нью-Йорктогу падыша" деген фильмин тарткан. Анын 1967-жылы чыккан "Гонконгдон келген мырзайым" деген комедиясы режиссёрду журтчулукка кеңири таанытып, комедия жанрынын өсүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон.

Чарли Чаплин белгилүү америкалык драматург, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Юджин О’Нилдин кызы Уне О’Нилге үйлөнгөн. Чарлинин эң кичүү баласы ал 72 жашка чыкканда жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн турмуш жолунда белгилүү актёр 4 жолу үйлөнүп, 12 балалуу болгон. Чарли Чаплин жана жубайы Уне О’Нил

Белгилүү актёрдун "Жылдыздар аллеясындагы" жылдызы 1972-жылы төшөлгөн, ушул эле жылы актёр "Оскар" сыйлыгынын ээси болгон.

Чарли Чаплин 1977-жылы 25-декабрда 88 жаш курагында көз жумган. Жайына коюлган соң 1978-жылы март айында опузачылар тарабынан сөөгү казып алынган. Алар улуу комедия актёрунун үй-бүлөсүнөн акча талап кылышкан. Бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Себеби Чаплин ушул сымал окуя болорун сезгенсип, бир жыл мурун эле аялына “мени уурдап кетип, акча талап кылышса, төлөбө” деген. Кылмышкерлер кармалып, Чаплиндин сөөгү ошол эле жылдын 17-майында кайрадан жерге берилген.

16-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан