Кыргыз дзюдочулар Азия Кубогунда 4 медаль тагынышты

Дзюдо боюнча Кыргыз курама командасы жаштар арасындагы Азия Кубогуна катышып, 4 медаль жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдоканов билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 14-15-апрель аралыгында өткөн.

"Азия Кубогуна Кыргыз өлкөсүнөн 24 спортчу катышты. Алар Кыргыздын капчыгына 1 алтын жана 3 коло медаль алып келишти. 81 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан Эрлан Шеров алтын байгеге ээ болсо, Баяман Сагынбай уулу, Кристина Нежникова жана Бегай Бейшенали кызы коло медалдарды тагынышты. Бул жыйынтык менен Кыргыз курамасы командалык жарышта 3-орунда жайгашты. 1-орунда 14 алтын, 13 күмүш жана 21 коло медаль жеңип алган Өзбекстан курамасы жайгашса, 2-орунда Тажикстан курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль менен жайгашты", - деди ал.

Айта кетсек, Эрлан Шеров 8-апрелде Италияда өткөн жаштар арасындагы Европа кубогунда күмүш медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан