Кечээ, 15-апрелге караган түнү футбол боюнча Англия биринчилиги Премьер-Лигасынын 34-турунун оюндары орун алды. Анда "Манчестер Сити" Премьер-Лиганын аягына 5 тур калганда чемпион болду.
"Манчестер Сити" футболдук клубу конокто "Тоттенхэм" менен ойноп, 3:1 эсебинде утуп алса, турнирдик жадыбалда 2-орунда келе жаткан "Манчестер Юнайтед" командасы "Вест Бромвичтен" жеңилип калды. Бул жыйынтык менен "Манчестер Сити" жадыбалда "МЮдан" 16 упайга ашып, Премьер-Лиганын аягына 5 тур калганда чемпион аталды.
Муну менен "Манчестер Сити" Премьер-Лиганын тарыхында 5-ирет чемпион аталды. Ал буга чейин 1936-1937, 1967-1968, 2011-2012, 2013-2014 жылдары чемпиондукту камсыздаган.
Ал эми башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола үчүн "Манчестер Сити" ал чемпиондукка алып келген 3-команда болду. Гвардиола буга чейин Испания чемпиондугунда "Барселонаны" 3 жолу (2008-2009, 2009-2010 жана 2010-2011-сезондордо), Германия чемпиондугунда "Баварияны" 3 жолу (2013-2014, 2014-2015 жана 2015-2016 сезондордо) чемпион кылган.
Айта кетсек, 12-апрель күнү "Манчестер Сити" клубунун күйөрманы Аман Стенли жана байкеси, "Манчестер Юнайтед" клубунун күйөрманы Тони Шилла менен мелдешип, аялын уттуруп жиберген.