"Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) футболдук клубу Франция биринчилигин 7-ирет жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16-апрелге караган түнү Франция биринчилигинин 33-турунун алкагында, "ПСЖ" "Монако" командасын ири 7:1 эсебинде жеңип алды. Муну менен чемпиондук бүтөрүнө 5 тур калганда "ПСЖ" командасы 87 упай топтоп, 1-орунду камсыздады.
Бул жыйынтык менен "ПСЖ" футболдук клубу Франция чемпиондугун 7-ирет жеңип алды. Ал буга чейин 1985-1986, 1993-1994, 2012-2013, 2013-2014, 2014-2015, 2015-2016-жылдары чемпион болгон.