Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарындагы Ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериясы старт алды. Анда 3-орун үчүн алгачкы беттеште бишкектик "Фарватер" менен ысык-көлдүк "Мурас" кез келди.
Беттештин жыйынтыгында бишкектик команда 4:2 эсеби менен жеңишке жетти. Алгачкы голду "Фарватердин" оюнчусу Каныбек Өмүрсултанов 18-мүнөттө киргизди. 25-мүнөттө Эркин Нуржанов эсепти 2:0 кылса, 26-мүнөттө Кайрат Көлбараков эсепти 3:0гө жеткирди. Буга "Мурас" командасы 27-мүнөттө Жонатан Компастын жана 28-мүнөттө Эдерсондун голу менен жооп берди. 36-мүнөттө Көлбараков 2-голун киргизип, оюнга чекит койду. Муну менен "Фарватер" чемпиондукка бир кадам жакындады.
Айта кетсек, 3-орун үчүн беттештер 2 жеңишке чейин уланат. Командалар эртең 17-апрелде "Алай" спорт комплексинде беттешмекчи. Оюн саат 17:00дө старт алат.