
Англиялык ырчы, бийчи, модель, актриса жана учурдагы дизайнер Виктория Бекхэм 1974-жылы 17-апрелде Улуу Британиянын Хартфордшир графтыгында туулган. Толук аты-жөнү - Виктория Керолайн Адамс Бекхэм. Ал Англиядагы театралдык мектепти бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон эмес.

Атактуулукту алып келген "Spice Girls" тобуна 17 жашына кастинг аркылуу келип калган. Андагы татынакай келбет, тунук үн калыстардын жүрөгүнөн орун алып, 1994-жылы топко кабыл алынат. 1996-жылы топтун алгачкы "Wannabe" деп аталган сингли Улуу Британия, АКШ жана башка 29 мамлекеттин музыкалык чарттарынын алдыңкы орундарын ээлеген. Кыска кара көйнөк жана шиш така кийип көзгө урунган ал эл арасында "Укмуштуу Вики" ("Posh Viki") деген атка ээ болгон. Топ 1990-жылдарда популярдуулуктун туу чокусун багындырып, учурунда 55 миллион ырлар жыйнагын сатканга үлгүрүшкөн.
"Forever" деп аталган үчүнчү альбому мурункуларга салыштырмалуу ийгиликсиз болуп, кыздар чыгармачылыктан алыстай түшөт. 2007-жылы ырчы кыздар кайра биригип, гастролго аттанышат. Турдан ар бир ырчы 20 миллион доллар иштеп калганын айтып келишет. Бирок көп өтпөй легендага айланган топ ишмердүүлүгүн токтоткон. Бекхэм болсо артка кайтпай, дүйнөлүк шоу чөйрөгө жалгыз киришкен.
Виктория Бекхэм атактуу футболчу Дэвид Бекхэмге турмушка чыгып, 1999-жылы Бруклин аттуу уулдуу болушкан. Ошол эле жылдын 4-июлунда укмуштуу той өткөрүп, ага 800 миң доллар чыгым кеткенин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Сүйүшкөндөрдүн 2002-жылы Ромео, 2005-жылы Круз деген уулдары жарык дүйнөгө келсе, 2011-жылы Харпер аттуу кыздуу болушкан.
Азыркы учурда дизайнерлик кесип менен алектенет. Кийимдер топтомун, сумка, парфюм, көз айнек жана кооз көйнөктөрдүн түрүн чыгарат.
Виктория Бекхэм тууралуу кызыктуу фактылар:
- Дизайнер бардар үй-бүлөдө туулган. Анын атасы абдан көп иштеп, Rolls-Royce унаасын алууну кыялданып, ал максатына жеткенде кызын мектепке дал ошол кымбат баалуу унаа менен жеткирип турган. Мындан улам анын классындагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары болочоктогу жылдыз менен достошууну каалашпагандыгын өзү чет элдик басылмаларга берген маегинде айтып берген;
- Виктория Бекхэм ар дайым олуттуу, оор басырыктуу жүрүп, көп күлбөгөндүгү менен айырмаланат. Ал өзү бул тууралуу "Мен мектепте жүргөндө эле өзүмө ушундай образ түзүп алгам. Азыркыга чейин бул калыбымдан жаза элекмин. Мен өзүмдү күчтүү айым катары көрсөткүм келет", - деген ал;
- Бекхэмдин денесинде 5 татуировка бар. Маалым болгондой, анын денесиндеги ар бир сүрөттүн өзүнчө түшүндүрмөсү бар. Мисал катары айтсак, эң биринчи жасаткан татуировкасында жылдыздын сүрөтү түшүрүлгөн. Дизайнер бул белги өзү, жолдошу жана уулунун урматына тартылганын айтып берген;
- 2001-жылы өзүнүн өмүр баянын баяндаган китеп чыгарса, 2006-жылы мода чөйрөсүнө арналган китебин коомчулукка тартуулаган.
17-апрелдин жылнаамасы.