Орусиянын Эл артисти, ырчы Валерия бүгүн, 17-апрелде 50 жашка толду. Ал 1968-жылы 17-апрелде Орусиянын Саратов облусундагы Аткарск шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Туулган жериндеги музыкалык окуу жайдын фортепиано бөлүмүн аяктаган соң, 1985-жылы Москвага көчүп келип, Гнесин атындагы Музыкалык академияга тапшырып, белгилүү ырчы Иосиф Кабзон менен элге кеңири таанылган актриса Гелена Великановадан таалим алган.

1992-жылы Валериянын биринчи альбому англис тилинде жарык көргөн. Бул альбомду жарыкка чыгаруу да болочоктогу ырчыга оңойго турган эмес. Жакындарынын материалдык колдоосу менен Лондондон, Мюнхелден барып жаздырып келген. Альбом Европанын көпчүлүк бөлүгүнө шамалдай тараган.

Өзү ата-энесинен алыста жүргөнү менен алардан ар дайым моралдык жана материалдык жардам алып, каражат жагынан көп деле кыйналбастан, альбом чыгарууга, ыр жаздырууга, клип тарттырууга толук мүмкүнчүлүгү болгон.
1993-жылы Орусиянын журналисттери тарабынан ырчынын орус элинин эстрадасына кошкон салымы эске алынып, эмгеги бааланып, "Жылдын мыкты адамы" наамы ыйгарылат. Мындай көңүл буруу Валерияга дем берип, чыгармачылыгы бир топ өркүндөп, 1999-жылы "Эң мыкты ырлар" деген экинчи альбому жарык көрүп, анын ичинен "Ты где-то там", "Не обижай меня" деген чыгармалары узак убакыт хит-параддардын туу чокусун ээлеген.
Валериянын бул жетишкен ийгиликтеринде продюсери, ошол эле убакта жолдошу Александр Шульгиндин эмгеги өтө чоң болгон. Себеби ырларынын дээрлик баарынын сөзү же обону жолдошуна таандык эле. Түгөйлөр 2 уул, 1 кыздуу болгон соң ажырашып, 2003-жылы Шульгин экөөнүн ортосунда келишим сот аркылуу бузулгандан кийин Иосиф Пригожин аттуу продюсер менен чогуу иштешүү жөнүндө жаңы келишим түзүп, сахнага кайтып келген.
2004-жылы дал ошол продюсери Игорь Пригожинге турмушка чыккан. Түгөйлөр азыркыга чейин бирге түтүн булатып келишет.
Талыкпаган эмгегинин үзүрүнөн 2005-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, ал эми 2013-жылы Орусиянын Эл артисти наамына татыктуу болгон.