Эртең, 18-апрелде Кант шаарында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 3-турунун алкагында 3 беттеш өтөт. Анда "Кара-Балта" - "Алай", "Алга" - "Дордой" жана "Абдыш-Ата" - "Нефтчи" командаларынын беттеши орун алат.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош)
Стадион: "Абдыш-Ата" спорт комплекси (Кант шаары)
Калыс: Киемиддин Пириев (Бишкек)
Башталышы: 13:30
"Кара-Балта" командасы 2 турдун жыйынтыгында "Дордой" жана "Алга" командаларынан жеңилүү ызасын тартып, упайсыз турнирдик жадыбалда акыркы орунду ээлеп жатса, "Алай" 1 жеңиш жана 1 беттеште тең чыгып 4 упай менен жадыбалда 4-орунда жайгашкан.
"Алга" (Бишкек) - "Дордой" (Бишкек)
Стадион: "Борбордук" (Кант шаары)
Калыс: Дайыр Абдылдаев (Бишкек)
Башталышы: 15:00
2 турдун жыйынтыгында бишкектик "Алга" 4 упай менен 3-орунда жайгашса, "Дордой" командасы 2 жеңиш менен 6 упайга ээ болуп, сап башында жайгашкан.
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата)
Стадион: "Абдыш-Ата" спорт комплекси (Кант шаары)
Калыс: Рысбек Шекербеков (Бишкек)
Башталышы: 16:00
"Абдыш-Ата" командасы 2 беттеште тең чыгып, 2 упай менен 6-орунда жайгашты. Ал эми кочкор-аталык "Нефтчи" 6 упай менен 2-орунду ээлеп келүүдө.
Турнирдик жадыбал