Волейбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугуна сапар тартты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеш Бангладеште 18-28-апрелде өтүп, анда "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 6 команда катыша турганы айтылууда. Алар Түркмөнстан, Бангладеш, Непал, Мальдив аралдары, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсү.
Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев оюнчуларга ийгилик каалап, Кыргыз курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулуна Кыргыз туусун берди.
Эске салсак, Кыргыз курамасы "Борбордук зона" чөлкөмүнүн учурдагы чемпиону, алар 2017-жылы финалдык беттеште Түркмөнстан курамасын жеңип, алтын медалдардын ээси болгон.