Казакстандын Эл артисти Нуржуман Ихтымбаевге "Дүйнө кинематографиясына кошкон салымы үчүн" "Ак илбирстин" атайын сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу улуттук сыйлык тапшыруу аземинин уюштуруучулары кабарлады.
Маалым болгондой, Нуржуман Ихтымбаев советтик жана казакстандык актёр. Казакстандын Эл артисти наамынын, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ал бир гана казак кинолорунда роль жаратпастан, Кыргыздын "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Мен Тянь-Шань" жана башка тасмаларына тартылган.
Белгилей кетсек, буга чейин "Ак илбирстин" атайын сыйлыгы Али Хамраев, Наталья Аринбасарова, Хожакули Нарлиев жана башкаларга тапшырылган.
"Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи 2012-жылдан тарта өткөрүлүп, кино жаатындагы мыктыларды аныктап келет. Бул жылы улуттук сыйлык 27-апрелде тапшырылат.