Азия чемпиондугуна катыша турган волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын тизмеси белгилүү болду

Азия чемпиондугуна сапар алган волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына волейбол федерациясынан билдирди.

18-28-апрель аралыгында Бангладеште өтө турган "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугуна Түркмөнстан, Бангладеш, Непал, Мальдив аралдары, Өзбекстан жана Кыргыз курама командалары катышат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн башкы машыктыруучу Андрей Анкудиновдун алдында 13 спортчу катышат.

Эске салсак, Кыргыз курамасы "Борбордук зона" чөлкөмүнүн учурдагы чемпиону, алар 2017-жылы финалдык беттеште Түркмөнстан курамасын жеңип, алтын медалдардын ээси болгон.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Оңолбек Каныбек уулу - спорт чебери (команданын капитаны);

Маназбек Нуралы уулу - спорт чебери;

Талгат Чалмашбеков - спорт чебери;

Темир Муса уулу - спорт чебери;

Кутманбек Абсатаров - спорт чебери;

Нурмухамед Токтоев - спорт чебери;

Турар Абдраимов - спорт чебери;

Кылычбек Сарбагышев - спорт чебери;

Жамалидин Мусаев - спорт чеберине талапкер;

Медетбек Эргеш уулу - спорт чеберине талапкер;

Роман Шилов - спорт чеберине талапкер;

Матай Алиаскар уулу - спорт чеберине талапкер;

Эмил Идирисов - спорт чеберине талапкер;

Андрей Анкудинов - башкы машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Topchu83
2018-04-18 10:39:23
тизмеде жамал мусвев жокко. суротто бар же эски суротпу
0
admin_media
2018-04-18 13:35:59
Topchu83,
Саламатсызбы! Маалымат толукталды.
0
Topchu83
2018-04-18 10:40:52
жамал мусаев
0
haydarkan
2018-04-18 12:53:52
Ийгилик
0
bahabaike
2018-04-18 16:50:59
Ийгилик жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан