"Супер хитке" Самат Эркинбековдун "Той-той" ыры кошулду. "Клипке ар улуттун кыздарын тартуу кыйынга турду" дейт "тамашоучу"

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Той, той" ыры кошулду.

"Мындан 3-4 жыл мурда Кубик Калыков менен гастролго барганбыз. Ошондо агайдын "Той-той" ырын жаңылап аткаруу үчүн уруксат алгам. Убакыт-сааты келип, ошол максатым эми иш жүзүнө ашып отурат. Клипте ар улуттун кыздары тартылган. Ал эми айрым эпизоддорун Малайзиядан тарта келгенбиз. Мен ырчы эмесмин, болгону тамашалуу ырларды аткарып чыгармачылыгыма жаңылык киргизүүнү кааладым", - деди "тамашоучу".

11-АПРЕЛДЕН 18-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Малика Динанын "Айтчы себебин" чыгармасы бул аптада эң аз добуштун ээси болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду- Курал Чокоевдин "Кара-Балта-Кайыңды" чыгармасы камсыздаган.

8-орунду - Асема Токтобекованын аткаруусундагы "Сен жана мен" видеокомпозициясы ээлеген.

7-орунга - Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы ээ болгон.

6-орунда - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы жайгашкан.

5-орунга - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы ээ болгон.

4-орун - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасына буюрган.

3-орунду - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээлеген.

2-орун - Мурунку аптада жеңүүчү аталган Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы бул ирет 1 тепкичке төмөндөгөн.

1-орун - Өткөн аптада жаңыдан тизмеге кошулган Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы эң көп добуш топтоп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat.97
2018-04-18 12:52:17
Ырчы боло элек ушул эле калды эле.Тойлордо Той-той деп ырдаса акча тушот да.Самат брат ырдабай эле койчу сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан