Ноокаттагы окуя. Жуучусу кайтарылган баланын кызганычы 3 баланы атасынан ажыраткан

Ноокат районуна караштуу Гулистан айылынын айрым тургундарынын колунан каза болгон 32 жаштагы адам кызга жолугуу үчүн эмес, ал кызды коркуткан адамдар менен сүйлөшүү үчүн барган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Ноокаттын Бостон айыл аймагындагы Гулистан айылында жашаган үй-бүлөнүн 17 жаштагы Райхон (аты редакция тарабынан өзгөртүлдү) аттуу кызына ошол эле айылдын тургуну үйлөнүү максатында жуучу жиберет. Апасы кызынын жаш курагы жете элек экенин айтып, макул болгон эмес. Буга нааразы болгон жигит кызды ар кандай жолдор менен коркута баштайт. Кыздын атасы жок болгондуктан ал үй-бүлөнүн ар кандай маселелерин чечүүдө жардамдашып жүргөн 32 жаштагы Ноокат районунун борборунда турган Музафар (аты өзгөртүлдү) 29-мартта ал бала менен сүйлөшүү үчүн келет. Ал Бостон айылынын тургундары менен тил табыша албай, алардын ур-токмогуна кабылган. Алган жаракаты оор болгондуктан 5-апрелде ооруканада каза болгон, анын артында 3 баласы жетим калды", - дейт Ашырбаев.

Ошондой эле 30-мартта тургундардын ур-токмогуна кабылган Розумухамад аттуу дагы бир жигит Райхон менен сиңдисин унаасы менен тууганынын үйүнө жеткирүү үчүн келгенин SUPER.KG порталына кабарлаган болчу. Ал да ачуулуу балдардын ур-токмогуна кабылып, бирок оор жаракат алган эмес.

Ошондой эле "Райхон бир учурда бир нече эркектер менен жолугуп жүргөн, сабалган эки адам ошолордун катарын толуктагандардан" деген да маалыматтар тараган болчу. Бирок бул маалыматтарды Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев төгүндөдү.

"Жабырлануучу кыз маркум Музафар менен интимдик мамиледе болуп жүргөн. Андан сырткары да башка балдар менен да мамиледе болгон. Ошон үчүн сабалды" деген маалыматтар - калп. Анткени ушул сыяктуу ушактардан улам экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кыздын абийири таза экени аныкталды. Бул жерде жуучусу кайтарылган баланын кызганычы айылдаштары менен бирге ушул жорукка түрткөн", - дейт Ашырбаев.

Ошондой эле басма сөз катчы аталган окуяга байланыштуу укуктук баа бериле баштаганын, 32 жаштагы Музафардын өлүмүнө шектүү деп эки адам кармалганын айтты. Кылмышка шектүү катары 19 жана 21 жаштагы 2 адам 31-мартта кармалган. Алгач шектүүлөргө бейбаштык беренеси менен айып тагылган. Кийин сабалган 32 жаштагы Музафар каза болуп калгандыктан шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Алар эки айга камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Ал эми Розумухамаддын сабалышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда. Кылмышка шектүү катары 15 адам кармалган. 9-апрелде Ош шаардык соту кармалган 15 адамдын баш коргоо чарасын карап, алардын он экисин эки айга камакка алса, үчөө үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Akshumkar
2018-04-19 09:56:05
Буларды до конца сындырыш керек
+20
expert.007
2018-04-19 10:01:54
Ошентип баары эки айдан кийин чыгып кетет экен да.
-12
Pandora
2018-04-19 11:13:26
expert.007, Неге адамдар туура эмес тушуносунор 2 айга камакка алынды дегенди ал жерде сот чечими чыкканга чейин убактылуу камоочу жай сот кандай чечим чыгарса ошол жака карап кетет акчаны коп берсе уйуно же уй камагына же 5-10жыл каммака.Менин тушунугум ошондой.
+23
expert.007
2018-04-19 13:15:55
Pandora,Силердин да оозуңарды майлаган окшойт. Бул бийлик 2007 жылы акимиятты талкалаган террористтерди бошотуп ирген
-4
Bars88
2018-04-19 10:03:50
Ошондо экоо тен бир кызга барган болуп атабы.Райханга анда кыз дагы жон Кыз эмесго
-12
Pchelka85
2018-04-19 10:16:19
Кыздын абийри таза деп атпайбы... менимче жуучу жиберген бала кызга жаккан эмес. Ал эми таяк жеген экинчи бала айтты ле го "уйлонго туугандарым ушул кыз менег тааныштырышкан телефондо суйлошуп журчубуз" деп., ушул бала жаккан болуш керек кызга... каза болгон бала менен кандай мамиледе болгонун бир кудай и бир кыз озу билет эми....
+15
Pandora
2018-04-19 11:15:14
Pchelka85, ++ Кошулам.Кызымдын жашы жете элек деген жон эле шылтоого,квзга эле эмес,апасына да жаккан эмес.Болбосо булар оо жожо кезинде эле берип салат.
+14
Zainidin96
2018-04-19 10:43:42
Жазасын алсын
0
Beks.Kasymov
2018-04-19 12:38:59
аа райхон сенда жон журбопсунда,негизи силер жыым журуп алп ишти бутуросунор ага тан калбай деле койсо болот.
+4
Nevestkaa
2018-04-19 16:43:01
Музаффар тууганы болбосо неге барат ,жаман иш кылган үчүн сабап коюшту да азыр бирөөгө бирөө жардам бербей калды го.Машинага сүдүрөтөбүз дегенчелик агрессияга барып атышса кызда бир мандем бар,түштөн кийин экспертиза кылып не .Бул эксперттериң не гана деп заключения чыгарбайт а.
-5
Guldoijan
2018-04-20 08:19:42
Музаффар дагы кыйын болгон экен 32 жашта болсо 3 баласы болсо 17 жаштагы кызга жуучу жиберип
-8
taalay25
2018-04-20 11:36:39
Guldoijan,кайрадан туура окусан
+2
AKCAHAT
2018-04-20 13:01:28
Guldoijan,тушунбопсун
0
abusait
2018-04-20 14:17:52
Guldoijan,тоо десе бээ дейсинда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан