Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын Түз эфиринде "Кантың бар", "Сүйүү балы", "Тоолук кыз" жана башка эл жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды аткарып жүргөн этно-эстрадалык "Чоро" тобу болмокчу. Аталган топ "Супер-Инфо" гезитинин 2012-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер тобу" наамына татыктуу болгон. "Чоро тобу" 2013-жылы Түркиянын Эскишехир шаарында өткөн "Түрквизион" эл аралык сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, 7-орунга ээ болгон. Анда ар кайсы мамлекеттен 24 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтүп, алардын 12си финалда жеӊиш үчүн ат салышкан.
Топтогу жигиттерге арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Жигиттер сиздин суроолорго бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынынТүз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:00 "Чоро" тобунун солисттеринин бири Аскар Алиев SUPER.KG`нин Түз эфирине кечигүүдө.
15:10 "Чоро" тобунун маеги башталды. Жигиттер эфирди "Тоолук кыз" чыгармасын жандуу үн менен ырдап башташты. Андан соң алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп беришти.
15:15 Суроо: "Топто ким эмне жумуш аткарат, концерт учурунда араңардан бирөө келбей калса эмне болот?"
"Анда концерт болбой калат. Себеби ар кимдин өз милдети бар. Топтогу ар бир бала бирден аспапта ойнойт. Эгер жандуу үн менен ырдабасак, анда билинбейт болчу", - дейт топтун көркөм жетекчиси Марат Абылов.
15:22 "Чоро" тобу: "Алгач топто 7 киши болчу. Азыр негизги курамда 5 бала бар. Бирок керектүү учурда дагы да музыканттарды чакырып, көп адам менен чыга беребиз".
15:24 Жигиттер "Сары-Ой" чыгармасын жандуу үн менен аткарып беришти.
15:25 Суроо: "Жаңы клиптериңер качан чыгат?"
"Жакында Европага барып, мекендештерге 2 жума концерт коюп келдик. Аны менен катар клип тарта келүүгө жетиштик. Буюрса, жакын арада эл сынына коёбуз. Ошондой эле буга чейин продюсер менен иштешкен эмеспиз, азыр бир продюсер менен 3 жылга келишим түздүк. Эми жанданып, чыгармачылыкка катуу киришели деп турабыз", - дейт топтун ырчысы Нурболот Теңизбек.
15:30 "Чоро" тобу Европадан тартып келген видеосюжет көрсөтүлдү.
15:32 "Мен топтон тышкары опера жана балет театрында эмгектенем. Аскар Алиев мектепте жана университеттердин биринде сабак берет. Бексултан Маматкулов Улуттук филармонияда иштесе, Нурболот Теңизбек кафелердин биринде ырдайт", - дейт Марат Абылов.
15:35 "Топтун бойдоктору мен жана Бексултан. Калгандары үй-бүлөлүү. Биз качан үйлөнөбүз белгисиз. Убакыт көрсөтөт", - дейт Нурболот Теңизбек.
15:40 Суроо: "Эмнеге топто кыздар жок, жалаң жигиттер болгон кызыксыз эмеспи?"
"Негизги курамда 5 эркек бала бар. Бирок керек учурларда кыздарды деле кошкон учурларыбыз болгон. Бирок кыздарды негизги курамга кошууну ойлонгон эмеспиз", - дейт Марат Абылов.
Чоро тобу: "Максатыбыз - жандуу үндү жалпы элге жеткирүү. Мындан улам жаңы чыгып келе жатканда жалпы Кыргыз өлкөсүн кыдырып, жандуу концерт койгонбуз. Азыр да ушул боюнча ойлонуп жатабыз. Буюрса, жакын арада ишке ашат деп ойлойбуз".
15:45 Суроо: "Араңарда пикир-келишпестиктер болуп турабы?"
"Чоро" тобу: "Албетте, бир топто иштегенден кийин мындай учурлар дайыма эле болуп турат. Мисалы, ыр жаздырууда, форма тандоодо талаш-тартыштар болот. Бирок чоң чыр чыккан учур болгон эмес".
15:50 Жигиттер "Кайгырба" аталышындагы чыгармасын аткарып беришти.
15:53 Окурмандын "Өзүңөрдү профессионал музыканттарбыз деп айта аласыңарбы?" деген суроосуна Марат Абылов, Бексултан Маматкулов, Аскар Алиев "ооба" деп жооп берсе, Нурболот Теңизбек "аны эл айтсын" деген жообун айтты.
15:56 Суроо: "Марат мырза, келинчегиңиз менен кантип таанышып калгансыз?"
Жооп: "Келинчегим Нестан Нарындагы радиолордун биринде иштечү. Мен ал жакка ыр бергенге барып, ошол жактан таанышканбыз. Бара-бара мамилебиз сүйүүгө айланып, кийин жубайым болуп калды".
15:58 "Чоро" тобунун солисттери "Кантың бар" чыгармасын аткарышууда.
16:00 Суроо: "Топ түзүлгөндөн бери кандай ийгиликке жетти?"
"Чоро" тобу: "Эң негизги ийгилигибиз - бул аз да болсо жандуу үндү элге жеткирип жатканыбызда. Тилекке каршы, көптөн бери концерт бере албай жүрөбүз. Азыр ыр-клиптерди даярдап жатабыз. Буюрса, ушул жылы концертибизди элге тартууласак деп турабыз".
16:10 Жигиттер "Сүйүү балы" чыгармасын аткарган соң, Түз эфирдеги маек соңуна чыкты.