Бүгүн, 18-апрелде Кант шаарында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 3-турунун оюндары орун алууда. Анда алгачкы беттеште "Кара-Балта" командасы менен Оштун "Алай" командасы кез келди.
Беттештин жүрүшүндө командалар 11 гол киргизгенге жетишти. "Кара-Балта" атаандашына 5 гол киргизсе, "Алай" командасы 6 гол менен жооп берди. "Кара-Балтанын" оюнчулары 2-мүнөттө Роман Ковалёвдун күчү менен эсеп санын ачып, 26-мүнөткө чейин Урмат Абдукаимов, Азамат Өмүралиев жана Гүлжигит Алыкуловдун голдору менен эсепти 4:0 кылышты. 31-мүнөттө "Алай" 1 гол менен жооп бере алды, анда Алиа Силла пенальтиден таамай сокку узатты. 42-мүнөттө Жоел Кожо айырмаланып эсепти 4:2ге айлантты. 2-таймда "Алай" Одилжон Абдурахмановдун, Алиа Силланын жана Кожонун 2 голу менен эсепти 4:6 кылып кетти. Беттештин соңуна 2 мүнөт калганда Гүлжигит Алыкулов гол киргизип эсепти 5:6 кылды.
Муну менен беттештин жыйынтыгында "Алай" командасы 7 упай менен сап башында жайгашса, "Кара-Балта" командасы упайсыз акыркы орунда жайгашууда.
Белгилей кетсек, бүгүн "Алга" - "Дордой" жана "Абдыш-Ата" - "Нефтчи" беттештери орун алат.
Турнирдик жадыбал