Бүгүн, 18-апрелде Кант шаарында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 3-турунун оюндары орун алууда. Анда бишкектик "Алга" менен "Дордой" командалары кез келди.
Беттештин жүрүшүндө "Алга" менен "Дордой" командаларынын оюнчуларында гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болгону менен таамай сокку жарата алышкан жок. Оюндун жыйынтыгында 0:0 эсеби катталып, командалар 1 упайдан ээ болушту.
Муну менен "Дордой" командасы 7 упай менен сап башында жайгашса, "Алга" командасы 5 упай менен 4-орунду ээледи.