Бүгүн, 18-апрелде Кант шаарында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 3-туру жыйынтыкталды. Анда жергиликтүү "Абдыш-Ата" кочкор-аталык "Нефтчи" командасы менен беттешти.
Беттештин жыйынтыгында канттык команда атаандашын 2:1 эсебинде утуп, алгачкы жеңишке ээ болду. Эсеп саны оюндун 28-мүнөтүндө ачылды, анда Атай Жумашев айырмаланды. Буга "Нефтчи" 48-мүнөттө Александр Игнатенконун голу менен жооп берсе, 53-мүнөттө Элхан Темирбаев эсепти 2:1ге айлантып, командасына жеңиш алып келди.
Муну менен "Абдыш-Ата" алгачкы жеңишке ээ болуп, 5 упай менен турнирдик жадыбалда 5-орунда жайгашты, буга чейин канттык команда атаандаштары менен 2 жолу тең чыккан. Ал эми "Нефтчи" командасы 6 упай менен 3-орунда жайгашты.