Кыргыз спортчулар Тажикстанда өтө турчу жарым марафонго катышат

Кыргыз спортчулары Тажикстанда өтө турчу жарым марафонго катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Душанбе шаарында 18-23-апрель аралыгында өтө турган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышат. Алардын арасында жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунун 5 миң жана 10 миң чакырым аралыкта алтын медалдын ээси Дарья Маслова, эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун Куньминдик марафонунун жеңүүчүсү Адилет Кыштакбеков бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Дарья Маслова - эл аралык даражадагы спорт чебери;

Илья Тяпкин - эл аралык даражадагы спорт чебери;

Мария Коробицкая - эл аралык даражадагы спорт чебери;

Адилет Кыштакбеков - спорт чебери;

Татьяна Борисова - машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан