Рак илдетинен жабыркаган 36 жаштагы аял Сулайман-Тоодон боюн таштап каза болду. Бул тууралуу 19-апрелде Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 18-апрелде саат 17:00дөр чамасында орун алган.
"Сулайман-Тоодон 36 жаштагы аял өз өмүрүн кыйган факты катталды. Каза болгон аял 1982-жылы туулган Ош шаарынын тургуну экени жана ал баш мээсинин залалдуу шишиги менен жабыркагандыктан оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып чыкканы маалым болду. Мындай кадамга оорунун айынан барганы болжолдонуп жатат", - дейт басма сөз катчы.
Айта кетсек, каза болгон аялдын жолдошу болгон, бирок балдары болгон эмес.
Эске салсак, буга чейин Сулайман-Тоодон өз жанын кыюуга аракеттенген 20 жаштагы бала кармалган. Бирок ага медициналык "Тез жардам" кызматы жардам көрсөтүп аман калган. Окуя ушул жылдын февраль айында болгон.