14-16-июнь күндөрү ат спорту боюнча Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын спортчулары 3 алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Жарыш Алматы шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Польша өлкөлөрүнүн спортчулары катышты. Аталган мелдешке Кыргызстандан 4 спортчу аттанган. Анда жердештерибиз 3 алтын, 3 күмүш, 1 коло медалга ээ болушту.