Канат Аманкулов III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлердин Исламдык конференциясында тааныштырды

Канат Аманкулов III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Азербайжанда өткөн Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлердин Исламдык конференциясында тааныштырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Жаштар иштери жана спорт министрлердин Исламдык конференциясында катышты. Отурумга 40 өлкөнүн министрлери келген. 18-апрелде Канат Аманкулов III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тааныштырды.

"2018-жылы Кыргыз Республикасында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Көчмөндөр оюндары - Кыргыз Республикасында эң ири эл аралык долбоор. Мелдештин расмий ачылышы 2018-жылы 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда орун алат. Ага 80 өлкөдөн 3000дей спортчунун катышуусу күтүлүүдө", - деп айтты Аманкулов.

Канат Аманкулов жыйындын бардык катышуучуларына III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий чакыруу баракчаларын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Muslim_KGstana.
2018-04-20 08:44:18
фу ушунун кереги жок болчу ысырапкорлор
+3
travm
2018-04-20 10:34:25
Кереги бар, кууда кааласа ушул оюндар Кыргыздын Ким экенин далилдейт
-3
fantomas
2018-04-20 12:00:23
travm, буга чейин 2 жолу откорулгон кочмондор оюну кыргыздардын ысырапкор экенинен башка эмнени далилдеди?!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан