Волейбол боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасынын атаандаштары аныкталды

Бангладеште өтө турган волейбол боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасынын атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Бангладештин Дакка шаарында 21-27-апрель аралыгында өтөт. Анда Азиянын "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 6 өлкө катышат. Алар 2 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Кыргыз курамасы "В" тайпасына кирип Түркмөнстан жана Өзбекстан курамалары менен беттешмекчи. Ал эми "А" тайпасында Бангладеш, Мальдив аралдары жана Непал курама командалары кездешет.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-2-орунду ээлеген командалар жарым финалга өтүшөт.

Эске салсак, Кыргыз курамасы "Борбордук зона" чөлкөмүнүн учурдагы чемпиону, алар 2017-жылы финалдык беттеште Түркмөнстан курамасын жеңип, алтын медалдын ээси болгон.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:

"А" тайпасы: Бангладеш, Мальдив аралдары, Непал;

"В" тайпасы: Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Түркмөнстан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2018-04-20 08:57:47
Ийгилик жигиттер !!!
+1
Dembele84
2018-04-20 10:15:27
Элитага чыгышка эрте экен да,борбордук азиянын оюнуна кытышып жатса.Ушуну женсе келечекте Япония,Иран,Кытай,Кореялар менен беттешкенин коруп калаарбыз куда кааласа!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан