Америкалык "Time" журналы салтка айлангандай дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамынын тизмесин аныктады. Адаттагыдай эле ага кирген адамдар орундарга жайгашпастан, топторго бөлүнгөн.
"Лидерлер" тобундагы таасирдүү инсандардын катарын АКШнын президенти Дональд Трамп, ханзаада Гарри жана анын болочок колуктусу Меган Маркл, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Түндүк Кореянын өлкө башчысы Ким Чен Ын, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана башкалар кирген. Кызыгы акыркы жылдардан бери алгачкы ирет бул категорияга Орусиянын президенти Владимир Путин илээшпей калган.
Ал эми "Сүрөтчүлөр" категориясына Николь Кидман, Хью Жекман, Галь Гадот, Жимми Киммел жана 14 жаштагы актриса Милли Бобби Браун кирсе, "Сулуулуктун символуна" Женнифер Лопес, Рианна жана ырчы Кеша татыктуу болгон.
Ошондой эле "Титандар" деп теннисчи Рожер Федерер, алып баруучу Опра Уинфри, миллиардер Илан Маск жана башкалар табылган.