Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жыйынтыгында 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө Башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Маратов билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-апрелге караган түнү саат 00:30дар чамасында болгон.
"Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа менен Lexus үлгүсүндөгү унаа Москва жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Жыйынтыгында Lexus үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканага кайрылган. Ал эми Toyota Land Cruiser'дин айдоочусу менен ичиндеги жүргүнчүлөрү (3 кыз, 3 бала) мас абалында болгону аныкталды. Учурда жол кырсыгына байланыштуу тергөө иши башталды", - дейт Маратов.
Ошондой эле маалыматта жол кырсыгына кабылган Toyota Land Cruiser унаасы Казакстан Республикасынын мамлекеттик номери менен катталып, айдоочусу менен жүргүнчүлөрү Орусиянын жарандары экени кошумчаланат.